«Мамлекеттик лотереялык компания»
мамлекеттик ишканасы

Государственное предприятие
«Государственная лотерейная компания»

Новости

«КЫРГЫЗ ЛОТО»: «АЛА-ТОО» ТИРАЖДЫК ЛОТЕРЕЯСЫНЫН БИРИНЧИ ЖЫЙЫНТЫГЫ

Оюндун жыйынтыгы боюнча баш байге 2018-жылы чыгарылган «Toyota Camry 70» ээси Ош шаарынын тургуну Рустам Эгамбердиев болду.

«Өзүм куруучу болуп иштейм. Ош шаарындагы сатуу түйүндөрүнөн 10 билет алгам. Алардын бирөөсүнөн «Toyota Camry 70» үлгүсүндөгү автоунаага, калган экөөнөн 200 сомдук акчалай белекке ээ болдум. Утуштарымды пенсиядагы ата-энеме белекке берем», - деп билдирди Р. Эгамбердиев.

Бүгүнкү күнгө лотереялык компания тарабынан төмөнкү сандагы утуштар байге ээлерине берилди:
4135 адамга – 200 сом утушу;
413 адамга – 500 сом утушу;
40 адамга – 1000 сом утушу;
4 адамга - «IPhoneX» смартфондору;
1 адамга – баш байге «Toyota Camry 70».

Сарпек Эшалиев, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын уюштуруу жана эл аралык бөлүмүнүн башчысы: «Мендеги 5 билеттин арасынан бирөөсү бактылуу чыгып, «IPhoneX» смартфонун утуп алдым. Буга чейин лотерея көп ойногом, бирок бул алгачкы утушум. Ойногула жана байгелерди уткула!»

Экинчи смартфондун ээси Айжигит Абдыкадыров, Базар-Коргон Социалдык фондунун жетектөөчү адиси: «Мен бир билет алгам, ал байгелүү болуп чыкты. Башында утуп алганыма ишенген эмесмин, анткени бул убакытка чейин оюнду аягына чыгарбаган же байгелерди бербей койгон учурларды көп көргөм. «Кыргыз Лото» менен ишенимдүү лотерея ойноого болоорун айткым келет».

«Ала-Тоо» тираждык лотереясынын жеңүүчүлөрү 1000 сомго чейинки утуштарды сатуу түйүндөрүнөн, андан көп өлчөмдөгү байгелерди Мамлекеттик лотереялык компаниянын кеңсесинен, Чүй 114, 405-кабинет дареги боюнча алып кетишүүдө.

«Кыргыз Лото» биринчи тиражынан калган жеңүүчүлөрүн күтүүдө.

«Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы («МЛК» МИ) – Кыргыз Республикасынын бардык аймагында  кесиптик лотерея (тираждык, көз ирмемдик) уюштуруу менен алектенген юридикалык жак. Негизги максаты – спортту, маданиятты, билимди, илимди, искусствону өнүктүрүүгө жардам берүү. Ошондой эле жаш балдарды, карыларды, жаштарды, аялуу топторду жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү коргоого багытталган социалдык иш-чараларды өткөзүүгө  финансылык колдоо көрсөтүү.

Ишкана 2016-жылдын 17-июнунда түзүлгөн. МИнын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.

Кошумча суроолор боюнча +996 312 623925 номери же kyrgyzloto.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Сатуу түйүндөрү