«Мамлекеттик лотереялык компания»
мамлекеттик ишканасы

Государственное предприятие
«Государственная лотерейная компания»

Пресс-релизы

«КЫРГЫЗ ЛОТО»: «TOYOTA CAMRY 70» ЭЭСИН ОШТОН ТАПТЫ

31-августта өткөрүлгөн биринчи тираждык лотереяда акчалай утуштар, 10 даана IPhone X  жана баш байге Toyota Camry 70 ойнотулган.

Ош шаарынын жашоочусу Рустам Эгамбердиев баш байгенин ээси аталды:

«Өзүм куруучу болуп иштейм. Ош шаарындагы сатуу түйүндөрүнөн 10 билет алгам. Алардын бирөөсүнөн «Toyota Camry 70» үлгүсүндөгү автоунаага, калган экөөнөн 200 сомдук акчалай белекке ээ болдум. Утуштарымды пенсиядагы ата-энеме белекке берем.»

«Ала-Тоо» тираждык лотереясынын калган жеңүүчүлөрү 1000 сомго чейинки утуштарды сатуу түйүндөрүнөн, андан көп өлчөмдөгү байгелерди Мамлекеттик лотереялык компаниянын кеңсесинен, Чүй 114 дареги боюнча алып кетишүүдө.

«Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы («МЛК» МИ) – Кыргыз Республикасынын бардык аймагында  кесиптик лотерея (тираждык, көз ирмемдик) уюштуруу менен алектенген юридикалык жак. Негизги максаты – спортту, маданиятты, билимди, илимди, искусствону өнүктүрүүгө жардам берүү. Ошондой эле жаш балдарды, карыларды, жаштарды, аялуу топторду жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү коргоого багытталган социалдык иш-чараларды өткөзүүгө  финансылык колдоо көрсөтүү.

Ишкана 2016-жылдын 17-июнунда түзүлгөн. МИнын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү болуп саналат.

Кошумча суроолор боюнча +996 700 008 191 номери боюнча же kyrgyzloto.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Сатуу түйүндөрү