«Мамлекеттик лотереялык компания»
мамлекеттик ишканасы

Государственное предприятие
«Государственная лотерейная компания»

Пресс-релизы

3 тираждын жыйынтыгы: Биздин биринчи миллонер табылды!

"Кыргыз лото" тираждык оюнунун кезектеги 1 млн сомдун жеңүүчүсү- Кара-Балта шаарынын тургуну Касыева Мээрим деп табылды. Мээрим Кара-Балта шаарынын базарынан 2 билет сатып алган. Анын бири 1 млн. сом жеңиш алып келген.

"Биз лотореядан 1 млн. сом утуп алганыбызды кечки саат 10дор чамасында билдик. Түз эфирди өткөрүп жибериптирбиз. "Кыргыз лотонун" инстаграм баракчасына кирип, 1млн сом утуп алганыбызга ынандык. Сүйүнүп,түнү менен уктай албай чыктык. Анан сиздердин кеңсеге келдик. Азырынча акчаны кайсыл жакка короторубузду чече элекпиз. Абдан кубанычтабыз" дейт Мээрим Касыеванын жолдошу.

Азыркы тапта жаш жубайлардын үйү жок болгондуктан «үй сатып алабыз» -деп Мээрим билдирди.

Камбаров Кубанычбек Камчыбекович- Жалал-Абад областынын Ноокен шаарындагы “Тору” соода борборунан  10 билет сатып алса биринен 30 000 сом утуш чыккан.

 Ал эми Боркошов Омурбектин атасы Ош областынан билет сатып алып, 30000 сом утуп алган. Бирок ден соолугуна байланыштуу өзу келе албай баласын жөнөткөн.

Ойнонуздар, утунуздар деп биз бардыныздарга ийгилик каалайбыз

Сатуу түйүндөрү