Бизде 4-тираждын жыйынтыгы боюнча 2-миллионер аныкталды!
Күндөн күнгө бизде бактылуулар көбөйүүдө.
Бул жолу дагы баш байгени жаш үй бүлө жеңип алды. Нурлан Исманкулов үй бүлөсү менен Бишкек шаарында батирде жашайт. Келинчеги экөө тигүүчүлөр цехинде иштешет. Нурландын айтканы боюнча, 1-тираждан баштап ойноп келишет.
"Ар дайым азыраак суммадагы акчалай утуштардан утуп,аны кайрадан билетке алмаштырып алчубуз. Мунусунда 1 миллион сом утуп алдык. Бирок башында ишенген эмеспиз. Ошондуктан жакындарыбызга айткан жокпуз. Анын үстүнө 8-январына чейин иш күнү эмес болгондуктан, так ишенбей отурдук. Келинчегим экөөбүз "Кыргыз лотонун" кеңсесине чынында эле биз миллион уткандыгыбызды тастыктап келели, деп чечтик. Көрсө, чын экен"-деп кубанычы менен бөлүштү.
"Биз билетти Ош базарынан сатып алганбыз. Оюн башталгандан бери оюнду үй бүлөбүз көңүл коюп көрүп жатабыз. Мына минтип бизге да ийгилик жылмайды. Өзүңдүн жеңериңе ишенишиң керек,биринчи жолкусу болбой калса дагы. "Кыргыз лото" компаниясына рахмат, уткан акчаны толугу менен берерине буга чейин ишенбей келгенбиз. Эми ишендик. Көптөн бери үй сатып алууну пландап жүргөнбүз, эми үй сатып алабыз"-деп Нурландын келинчеги маңдайы жарыла сүйүндү.
"Ала-Тоо" лотореясынын келерки оюну 23-февралда ойнотулуп, баш байге "KIA Rio X-Line" 2018 автоунаасы коюлуп жана башка көптөгөн акчалай утуштар болмокчу.
"Ойноңуздар жана утуңуздар!